Биз менен байланышыңыз

Карасартова: 2020-жылдын бюджетине быйыл да башкача мамиле жасалган жок

Коом , Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 513 | 0

Мамлекеттик карыздарды төлөөнүн эң жогорку көлөмү 2020-жылга туш келет. Мындан улам, келерки жылда республикалык бюджетке олуттуу мамиле болуусу керек. Мындай пикирди менен укук коргоочу Рита Карасартова «Маралга» билдирди. Ал ошондой эле, иш жүзүндө 2020-жылдын бюджетинде эч кандай өзгөчөлөүк байкабаганын айтты.

-Мамлекеттик карыздарды төлөөнүн эң жогорку көлөмү 2020-жылга туура келет. Мындан улам биз “кантип чыгымдарды азайтабыз? Бул абалдан кантип чыгабыз?” деп баш катырышыбыз керек. Анткени, бөлүнгөн каражатты жөн эле кыскартып салганда эч нерсе өзгөрбөйт. Ар кайсы тармакта кандайдыр кризис башталышы мүмкүн. Ошондуктан “бул жылы бюджетке башкача мамиле жасап, реформаны кандай жүргүзөбүз, кээ бир структураларды жок кылабызбы?” деген маселеде талкуу кылсак, туура болмок. Бирок иш жүзүндө андай болбоду. Тилеке каршы, Каржы министрлиги баягы эле эсеп кысабын алып келди. Кыскартып коюп жатканын көрүп жатабыз. Мисалы: Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринде мындай көрүнүш. Буга чейин ага бөлүнгөн акча 9 айга эле жетерин министр Улукбек Кочкоров да айткан.

Рита Карасартова мындан сырткары, бюджет маселеси боюнча коомдук угууга 120 депутаттын ичинен 3 эле эл өкүлү катышканына нааразылыгын айтып, эл бюджет маселесин депутаттар менен талкуулоо үчүн келгенин баса айтты.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM