Биз менен байланышыңыз

2020-жылдын бюджети: экономикалык өнүгүү унутта калгандай…

Экономика | 21 Окт 2019 | 933 | 0

Өкмөт 2020-жылдын бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Адистердин айтымында, сунушталган долбоордо эч кандай өзгөчөлүк байкалбай, кайрадан социалдык багытка басым жасалып калган.

18-октябрда «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу болуп өттү.

Анда, Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов баяндама жасап, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сомго болжолдонгонун жана бул ички дүӊ продукциянын 27,5 пайызы экенин билдирди. Ал мындан сырткары, келерки жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешелери жана чыгымдары тууралуу маалымат берди.

-2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом суммасында же ИДПнын 24,5 пайызында каралууда. Келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деп белгиленген . Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп. 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДПнын 1,5 пайызын түзөт. Келерки жылдын бюджетинин таӊкыстыгын жабууга ички жана тышкы булактар каралууда.

Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова коомдук угууга 120 депутаттын ичинен 3 эле эл өкүлү катышканына нааразылыгын айтып, эл бюджет маселесин депутаттар менен талкуулоо үчүн келгенин белгиледи.

Ошондой эле, Карасартова мамлекеттик карыздарды төлөөнүн эң жогорку көлөмү 2020-жылга келерине токтолуп, 2020-жылга республикалык бюджетке мамиле жылдагыдан да олуттуу болуусу керектигин, бирок иш жүзүндө эч кандай өзгөчөлөүк байкабаганын айтты.

-Мамлекеттик карыздарды төлөөнүн эң жогорку көлөмү 2020-жылга туура келет. Мындан улам биз “кантип чыгымдарды азайтабыз? Бул абалдан кантип чыгабыз?” деп баш катырышыбыз керек. Анткени, бөлүнгөн каражатты жөн эле кыскартып салганда эч нерсе өзгөрбөйт. Ар кайсы тармакта кандайдыр кризис башталышы мүмкүн. Ошондуктан “бул жылы бюджетке башкача мамиле жасап, реформаны кандай жүргүзөбүз, кээ бир структураларды жок кылабызбы?” деген маселеде талкуу кылсак, туура болмок. Бирок иш жүзүндө андай болбоду. Тилеке каршы, Каржы министрлиги баягы эле эсеп кысабын алып келди. Кыскартып коюп жатканын көрүп жатабыз. Мисалы: Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринде мындай көрүнүш. Буга чейин ага бөлүнгөн акча 9 айга эле жетерин министр Улукбек Кочкоров да айткан.

Ошондой эле, келерки жылга болжолдолгон бюджеттин долбоорунда Баткен облусуна бөлүнүүчү каражат кыскарганы айтылды.

2019-жылы облуска теңдештирүүчү трансферттер 229,6 миллион сомду түзгөн болсо, 2020-жылга 224,5 миллион бөлгөнү жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары бир катар оор чек ара чырынан жапа чегип жаткан аймакка каржылоону көбөйтүүнү Өкмөттөн өтүнгөн болчу. Бирок эл өкүлү Таабалды Тиллаев “бул маселе боюнча өкмөткө сын тагууга эрте”, деген пикирде.

-Бюджет биринчи окууда каралып жатат. Бул — коркунуч эмес. Себеби былтыр да бюджет ушундай каралып, кийин өзгөртүүлөр болгондо кошумча каражат кошулган. Баткен облусуна атайын программаларды иштеп чыгуу боюнча өкмөт жана тиешелүү органдар менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Бюджетти биринчи, экинчи окууда карганда кошумча каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк бар. Азырынча өкмөткө сын айтууга эрте.

Деген менен “2020-жылга карата республикалык бюджетинде экономиканын өнүгүүсүнө салым кошо алчу өзгөчө долбоор жок”, деген пикирин Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев  билдирди.

2020-жылга республикалык бюджет социалдык багытта эле болуп калды. Биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө, экономиканын өсүүсүнө таасирин тийгизе турган же жумуш ордун пайда кылуучу өзгөчө долбоорлорду көргөн жокмун. Баягы эле айлык акы, пенсияны төлөө сыяктуу эле болду.

Эл өкүлү мындан сырткары, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылдын бюджети 9 миллиардга көбөйгөнүн жана аймактарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом каралганын маалымдады.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу өттү.

Copyright © 2017 Maral FM