Биз менен байланышыңыз

Койлор каптаган Мадрид [сүрөт]

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 783 | 0
Flocks of sheep and goats are herded in the city centre of Madrid on October 20,AFP

20-октябрь, жекшемби күнү Мадрид шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу эки миңден ашуун кой өттү. ВВС кыргыз кызматы билдиргендей, бул байыркы замандан бери сакталып келген салт болуп саналат.

«Fiesta de la Trashumancia» аттуу фестивалда койлор Мадриддин борборун кесип чубап өтөт. Чабандар мурда кыштын алдында малын түштүктү көздөй айдап, шаар аркылуу өтүүгө укуктуу болгон экен.

«Fiesta de la Trashumancia» фестивалы 1994-жылы башталган. Ал аймактын элеттик тарыхын эске салат.

Sheep line a road lined with tourists in the city centreEPA
Hundreds of sheep are led through a street in downtown MadridEPA

Шаардын борбору аркылуу өтүү мыйзамы орто кылымдарда эле пайда болгон. Жыл сайын чабандар акча төлөп, Мадридди айланып өткөндүн ордуна, шаардын ортосунан мал айдашат.

1418-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, чабандар миң башка 50 тыйын төлөшү керек. Бул мыйзам азыр дагы күчүндө.

Flocks of sheep are herded in front of the city hall in MadridAFP

Айрым чабандар улуттук кийимин чечпей, малын айдап өтөт. Фестивалды көрүүгө дүйнөнүн булуң бурчунан туристтер дагы агылып келет.

«Кызыктай болот экенсиң. Мадрид шаарын койлор басып алгандай сезилет. Биз кечээ келдик. Жыл сайын көрүп кетчү фестивал экен»,-деди туристтердин бири.

Flocks of sheep and goats are herded in the city centre of Madrid on October 20AFP
A goat stares into the camera in a close-up shotEPA

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM