Биз менен байланышыңыз

Мадридде каталондук жикчилдердин соту башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 662 | 0

Испаниянын Мадрид шаарында Каталонияны бөлүүгө аракет кылган жикчилдердин 12 лидеринин соту башталды. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалымаька ылайык, алар мамлекетти бөлүп жарууга, мамлекеттик бюджетти тоноого жана бийликти басып алууга аракет кылууга айыпталышууда. Күнөөлөрү далилденсе, аларды 25 жылдык абак жазасы кутүүдө.

Сот өтүп жаткан имаратты жүздөгөн полиция кызматкерлери кароолдоп турушат.

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Каталониянын Испаниядан бөлүнүүсү үчүн референдум өтүп, бир нече аптадан соң жергиликтүү бийлик аймакты эгемендүү деп жарыялаган. Бирок муну эч бир тарап кабыл алган эмес. Артынан Мадрид Каталонияны түз бийлигине алган. Эми аталган референдумду өткөрүп, Мадридке каршы чыккандар мыйзамсыз иш аракети үчүн соттолууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM