Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Японияга барды

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 591 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен Япониянын борбору Токио шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Ошондой эле иш сапардын алкагында, Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Copyright © 2017 Maral FM