Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандан 7:0дө утулган Мьянманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Кыска кабар , Спорт | 21 Окт 2019 | 711 | 0

Мьянма курамасы башкы машыктыруучусу, черногориялык адис Миодраг Радулович’ти кызматынан четтетти.

Буга анын жетекчилиги астында өткөн кураманын оюндарынын жыйынтыгы себеп болгон. 2022-Дүйнө жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунда анын жетекчилиги менен команда 3 беттеш өткөрүп, үчөөндө тең утулган.

10-октябрда Бишкекте Кыргызстан курамасы Мьянманы 7:0 эсебинде утуп алган.

Миодраг Радулович ушул жылдын апрель айынан бери Мьянма курамасын жетектеп баштаган. Анын ордуна эми Германиялык Антуан Хей келери маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM