Президент Сооронбай Жээнбеков 20-октябрда иш сапары менен Японияга барды. Ал Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.
Ошондой эле, Жээнбеков менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин эки тараптуу жолугушуусу өтөт.
Мындан тышкары, президенттин Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештер менен жолугушуулар болот.