Биз менен байланышыңыз

«Пансионаттар ишенимдүү башкарууга берилсе, өзүн толук актайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2019 | 770 | 0

Улутташтырылган пансионаттар ишенимдүү башкарууга берилсе, өзүн толук актайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гаипкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда улутташтырылган эс алуу жайлардын жетекчилеринде эч кандай укук жок. Мындан сырткары, пансионаттардын бирине да инвестиция салынбай, зыянга учурап жатат. Алсак, «Алтын Кум» пансионатында кызматкерлердин 4 млн сомго жакын айлык акысы төлөнгөн эмес.

«Жетекчилик маянаны Өзбекстандан алгыла дейт. Мунун баары жетекчинин каржылык сабатсыздыгынан болуп жатат. Күнөөнүн баары Мүлк фондунун жетекчилигинде», — деди Гаипкулов.

Эл өкүлү пансионаттар ишенимдүү башкарууга берилсе, ишкана мамлекеттин алдында милдеттеме аларын кошумчалады.

«Пансионаттар жеке менчикке берилбейт. Сынакка чет элдик ишканалар да катышууга акылуу болот. Мамлекет дивиденд менен эмес, салык аркылуу жашашы керек. Пайда табуу максатын гана көздөбөстөн, пансионатты өнүктүрүү зарыл», — деди депутат.

Гаипкулов кошумчалагандай, Мүлк фонду өздөрүнө ылайыктуу жоболорду иштеп чыгып, өкмөттөн бекиттирип алган. Аталган мекеме кадрларды улуттук резервге алганы менен кадрдык маселе жең ичинен чечилет. Бул жерде парламенттин да, өкмөттүн да күнөөсү бар. Ачык-айкын сынактык жарыя менен иштегенде гана кесипкөй адистер келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM