Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Аравиядагы унаа кырсыктан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 12776 | 0

Сауд Аравияда 36 зыяратчынын өмүрүн алган автокырсыкта кыргызстандык жарандар жок. Мындай маалыматты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы – муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев «Маралга» билдирди.

«Биз бул кырсык боюнча тактоо ишин жүргүздүк. Ондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон Мекке – Медина унаа жолунда болгон кырсыкта кыргызстандыктар жок. Ал жерде арабдар жана Африка өлкөлөрүнөн келишкен зыяратчылар болушкан», — деди Максат Атабаев.

Ал ошондой эле, учурда кичи ажылык (умра) зыяратын Кыргызстанда жеке фирмалар уюштуруп жатканын кошумчалады. Муфтият расмий түрдө кичи ажылыкты уюштурууну баштай элек. Буюрса бул иш башталса, бардык аракеттер алдын ала кабыл алынган тартип менен жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Эске салсак, кечээ Сауд Аравиянын Мекке жана Медина унаа жолунда Сауд Королдугунда жашаган жана Африка өлкөлөрүнөн келген зыяратчыларды кичи ажылыкка алып бараткан автобус жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан автобус күйүп кеткен.

Автобустун ичинде 40 адам болгон. Анын 36сы окуя болгон жерде жан берген. Дагы төртөө ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM