Биз менен байланышыңыз

«Ыйманга» суралган 5 млн. доллар талкууга түштү

Коом , Саясат | 16 Окт 2019 | 718 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев 10-октябрда Түркия президентине караштуу Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы, профессор Али Эрбаш менен жолуккан. Анда «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдарга карата Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо, чет өлкөлөрдө окуган Кыргызстандын студенттерин билим берүү жана материалдык жактан колдоо боюнча мерчемделген долбоорлору жөнүндө маалымат берилген.

Мындан сырткары, «Ыйман» фондуна түрк грантынын 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү экинчи траншын бөлүп берүү маселесин көтөрдү. Ал эми Эрбаш бул маселе Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен боло турган кеңешүүлөрүнөн натыйжасында Түркиянын Президенти бекиткенден кийин чечилерин белгиледи.

Бул маалымат боюнча Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев маселе козгоду.

— Элчи — бул, Өкмөттүн расмий өкүлү. Кечээ «Ыйман» фондуна керек, имамдарды окутабыз, башка кылабыз», — деп Түркиядан 5 миллион доллар сурады.  Биз эгемендүү, улуттук баалуулуктарыбыз бар мамлекетпиз. Өткөндө бир окуя болуп, Түркиянын элчиси: «Биз силерге мечит салып бергенбиз. Жардам берип атабыз», — деп чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динди окутууга кандай каражат кетет? Экономика жана башка маселелер менен иштешибиз керек. Бирок ушул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы?

Бул суроого Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов өзүнүн жообун айтты. Анын белгилешинче, элге туура маалымат жеткирүү максатында дин аалымдарынын сабаттуулугун көтөрүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө жана бул багытта жардам көрсөтүүнү Түркия өзү демилгелеген.

— Буга чейин Түркия «Ыйман» Диний маданиятты өнүктүрүү фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөн. Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында туура эмес берилип калды. Себеби, эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү демилгесин көтөргөн. Элчи мырза ушул жөнүндө сөз кылса керек.

Ал эми юрист, коомдук ишмер Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, «Ыйман» фондунун айтылган багыты менен аткарган иши дал келбей калууда. Ошондой эле Бөрүбашев диний көз караштагы фондго элчинин акча сураганы туура эмес болгонун белгиледи.

— Бул фонд диний уюмдарды, мекемелерди каржылап жатпайбы. Айткан сөзү менен кылган иши эки башка болуп жатат. Бул — диний уюм болуп калууда. Эмне үчүн «Ыйман» фонду мугалимдерге, медайымдарга маяна бербейт? Эмне үчүн балдар үйүнө, карылар үйүнө барбайт? Сөзсүз имамдарга бериши керек экен, ошондуктан бул кылгандарын туура эмес деп эсептейм. Мыйзам боюнча да туура эмес, коомдук аң-сезимге да дал келбейт. Экинчиден, элчинин бул маселе боюнча сөз козгоп, кайрылганы да ката болгон. Анткени, биз — светтик мамлекетпиз. Диний көз карашты колдогон уюмдарга мамлекеттик органдын кепилдиги менен акча алганы — туура эмес көрүнүш.

«Ыйман» фондуна түрк грантынын экинчи траншын бөлүп берүү маселесин элчи көтөргөндүгүн социалдык тармактардын колдонуучулары да активдүү талкуулап жатышат. Негизинен «Эмнеге мындай каражат суралып жатат? Буга чейин бөлүнгөн акча кайда жумшалган? «Ыйман» фондуна мамлекет акча бөлөбү же жокпу?» — деген суроолорду коюшууда.

Кошумчалай кетсек, элчи Өмүралиев жогоруда кеп болгон жолугушууда «Ыйман» фондуна буга чейин бөлүнүп берилген биринчи транш — 5 млн АКШ доллары 2015-2019-жылдары имамдарды окутууга, алардын билим деңгээлин көтөрүүгө, стипендия берүүгө, «Insan KG» маалыматтык порталын түзүүгө жана башка ушул сыяктуу иштерге жумшалганын маалымдаган.

Бул маселе боюнча «Ыйман» фондуна да суроо салдык. Алар: «Жакын арада маалымат беребиз», — дешти.

Copyright © 2017 Maral FM