Биз менен байланышыңыз

Ырчы Азат Раимбердиев: Алматыда жандуу аспаптар менен ойногон топ түздүм

Көңүл ачуу , Марал шоу | 16 Окт 2019 | 1222 | 0

Эсиңиздерде болсо, 2003-жылы 16-17 жаштагы 3 улан «Дельмар» аттуу топ түзүп, ырдап чыгышкан. Тилекке каршы, топ 2006-жылы тарап, ар бир солист өз алдынча кеткен. Ошол топтогу жигиттердин бири, ырчы Азат Раимбердиев менен «Марал-шоу» программасында маектештик.

— Бир кезде сиздер түптөгөн «Дельмар» тобунун тарап кеткенине 13 жыл  болуптур, учурда топтогу жигиттер менен карым-катыш кандай? Байланышып турасызбы?

— Жакшы, Кудайга шүгүр. Катышыбыз бар, мамилебиз түз. Экинчи вокалист болуп жүргөн Сардар Түркмөнов жеке чыгармачылыгы менен алек. Саксафондо ойногон Ролан Сейитбеков жеке студия ачып алган. Кинотасмаларга үн жазат. Айтор, ар бирибиз өз жолубузду таптык.

— Сиз болсо, Алматыда топ түзүп, ошол багытта алектенип жаткан экенсиз…

— Ал топ жандуу аспаптар менен ойнойт. Жакшы иштешүүдө. Топтун балдары Ташкент, Москва, Алматыдан келишкен. Ал жерде үн жаздыруучу студиямды да ачкам. Кез-кезде иш сапар менен барып турам.

— Топко же өзүңүзгө ыр тандоодо эмнесине көңүл бурасыз?

— Азыркы учурда ар бир адамдын ырга болгон табити ар кандай. Андыктан, чек койбойм. Ар кандай форматта ырдап көрүш керек.

— «Ар кандай форматта ырдап көрүш керек» деп калдыңыз. Сиз ырдай элек жанр барбы? 

— Азыр, биздин фольклорду изилдеп жүрөм. Залкар инсандарыбыздын ырларын кыраатын келтирип ырдоо жагын да өздөштүрүп жатам.

— Обон жазып көрдүңүз беле?

— Ооба, жогоруда аталган топтун ырларынын обону мага таандык. Эсептесем, 25тей обонум бар экен. Айрымдар: «Обон чыгарып бер», — деп кайрылышат, баш тартпайм.

— Жакында эле «Карагым» аттуу ырыңызга клип тарттырдыңыз…

— Ооба, жаңы клиптин бет ачары болду. Аталышы да өзгөчө, кыздарды эркелеткен сөз десек жаңылышпайбыз. Анан клиптин да өзөгү юмор аралаш, жөнөкөй жигит сулуу кыздын жүрөгүн кантип багынтып алганы чагылдырылган. Өсүп келе жаткан муунга тарбиялык мааниси зор десек жаңылышпайбыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM