Биз менен байланышыңыз

Ашырбаев: Көмүрдүн 95 пайызын жеке ишкерлер ташыйт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 533 | 0

Көмүр ташуучу ири мамлекеттик ишкана жок. Кара алтындын 95 %ын жеке ишкерлер ташыйт. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Ашырбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, казылып алынган көмүрдүн көлөмү жыл сайын көбөйүп турат. Алсак, өткөн жылы 2 млн 300 миң тонна көмүр даярдалса, быйыл 2,5 млн тонна казылып алынат.

«Көмүрдү ташып кетүүдө уруксаттын кереги жок, барып эле жүктөп кетишет. Отун базаларын ачып иштетүү жергиликтүү бийликтин милдети. Биздин сайтта отун базалардын тизмеси бар. Быйыл 550 миң тонна көмүр берели деп турабыз. Анын артынан жергиликтүү бийлик менен бирге отун базаларын ача баштайбыз», — дейт Ашырбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM