Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга иш издеп келген өзбекстандыктар көбөйдү

Коом | 14 Окт 2019 | 996 | 0

Кыргызстанга келген өзбек мигранттарынын саны көбөйдү. Мындай маалыматты Өзбекстандын статистикалык комитетине таянып, «Спутник» маалымат агенттиги жазды. Ал маалыматта быйыл 1,7 млн өзбек жараны Кыргызстанга келгени жазылган. Алар негизинен талаа жумуштарында жана курулуш тармагында эмгектенет деп айтылган. Кыргызстандын миграция кызматынын билдиришинче, Өзбекстандан келгендердин көпчүлүгү мыйзамсыз эмгектенет.

Кошуна өлкөнүн белгилешинче, Кыргызстанга келгендердин 31,5 пайызы иштөө үчүн, 50 пайыздан ашыгы туугандарын көрүү үчүн өлкөдөн чыгышат.

Ал эми Чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажира Чоколоева жыл башынан бери Өзбекстандан 3 миллиондон ашуун адам киргенин маалымдады.

-Жыл башынан бери Өзбекстандан 3 253 551 адам кирген. Ал эми чыккандардын саны — 3 155 702 киши. Кыргызстанга 4227 өзбек жараны турист катары кирсе, 568и «туруктуу жашайм” деп чек арадан өткөн. Мындан сырткары транзит менен өткөндөрдүн саны 920ны түзгөн.

Анткен менен, Кыргызстанда канча Өзбестандын жараны бар экени так эмес. Миграция кызматынын айтымында, мыйзам боюнча иштөө үчүн келген чет элдик жарандар каттоодон өтүүсү керек. Бирок Өзбекстандын жарандары негизинен Кыргызстандын түштүк аймагына келет. Ал эми Миграция кызматынын түштүктө өкүлчүлүгү жок. Мындан сырткары виза алуу кымбатка тургандыктан, коңшу өлкөнүн жарандары мыйзамсыз Кыргызстанда эмгектенишет.

«Мыйзам боюнча Кыргызстанга келгендер 5 күндүн ичинде каттоодон өтүүсү керек. “Иштейм” деп келгендер миграция кызматына кайрылса, аларга квота беребиз. Бирок, алар 50-60 долларга виза алышы керек. Визанын негизинде иштөөгө уруксат кагазы берилет. Виза кымбат болгондуктан, алар уруктсат кагазын албастан мыйзамсыз жүрүшөт. Мындан улам биз визасыз иштөөгө уруксат алуу үчүн мисалы 500 сом төлөй турган кылуу үчүн сунуш даярдап жатабыз. Мындай учурда бюджетке 200 миллиондун тегерегинде акча түшүшү мүмкүн.»

Ал эми мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Нурбүбү Керимова Кыргызстанга киргендерди көзөмөлдөө үчүн атайын миграциялык карта киргизүү зарылдыгын айтат. Ал мындан сырткары ички миграция тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй жаткандыгын белгиледи.

-Өзбек жарандары көбүнесе Ош, Баткен, Жала-Абад облустарына келишет. Бул облустарда мамлекетик көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Келгендердин көбү “жакындарыбызды көрөбүз” деп, бирок иштеп калып жатышат. Негизи миграциялык картаны киргизсек туура болмок. Алар кирерде эмне максатта киргенин белгилеп, кайра чыкканда аны чек арадан тапшырып чыгышы керек болот. Мындан сырткары канча киши кирип, канчасы чыккандыгы боюнча статистикалык маалымат болмок.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Өзбекстандан Кыргызстанга иштөө үчүн келгендерге патент киргизүү зарыл экенин белгилейт. Анын кошумчалашынча, өзбекстандыктар талаа жумуштарында жана курулуш тармагында эмгектенет.

-Өзбекстанда эмгек акы аз болгондуктан алар бизге келишет. Негизинен талаа жумуштары, курулуш тармактарында эмгектенишет. Менин оюмча, патентти киргизсек көп маселе чечилмек. Бюджетке да акча түшмөк. Айына төлөй турган кылсак туура болот.

Кошумчалай кетсек, өзбекстандык мигранттардын кыргызстанга келүүсү 2010-жылга чейин кадимки көрүнүш болгон. Чек-арадагы текшерүү күчөтүлгөндө алардын саны азайып, 2016-жылы Өзбекстанга Шавкат Мирзиёев президент болгон соң, Кыргызстанга иш издеп келгендер кайра көбөйдү. Мисалга алсак, 2014-жылы Кыргызстанга иштөө үчүн 17 минден ашуун өзбек жараны кирген болсо, 2016-жылы алардын саны 55 миңге жетип, 2017-жылы  100 миңден, 2018-жылы 200 минден ашкан.

Copyright © 2017 Maral FM