Биз менен байланышыңыз

15-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 489 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 4….9… күндүз: 11…..16°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 1….6….күндүз: 13…..18°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 17…..22°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 2…..7….күндүз: 10……15°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 0….5…..күндүз: 10…..15°C;

15-октябрда Бишкекте түнкүсүн жаан чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 14……16°C, түнкүсүн 5..… 7°C.

Copyright © 2017 Maral FM