Биз менен байланышыңыз

25 жаштагы К-рор жылдызы Солли каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 2806 | 0

Түштүк Кореялык актриса жана ырчы Чхве Чжин Ринин сөөгү бүгүн өз үйүндө  табылды. «F(x)» кей-поп группасынын мурунку солисти Сеулдун четиндеги үйүндө өзү жалгыз жашачу», — деп жазат «BBC News».

Учурда полиция кей-поп жылдызынын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Алдын ала божомолдор боюнча, ал өз жанын өзү кыйган болушу мүмкүн. Солли псевдоними менен таанылган ырчы 25 жашта болчу.

Чхве Чжин Ри 1994-жылы 29-мартта туулган. Ал алгач ирет сахнага Солли псевдоними астында  «F(x)» кей-поп тобу менен 2009-жылы чыккан. 2015-жылга чейинки аралыкта аталган группа төрт альбомун чыгарганга жетишкен. 2015-жылы ал топтон кетип, актрисалык карьерасын баштаган.

Кошумчалай кетсек, кей-поп жылдызы Солли 2016-жылы да өз жанын кыюуга далалат кылганы айтылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM