Түштүк Кореялык актриса жана ырчы Чхве Чжин Ринин сөөгү бүгүн өз үйүндө табылды. «F(x)» кей-поп группасынын мурунку солисти Сеулдун четиндеги үйүндө өзү жалгыз жашачу», — деп жазат «BBC News».
Учурда полиция кей-поп жылдызынын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Алдын ала божомолдор боюнча, ал өз жанын өзү кыйган болушу мүмкүн. Солли псевдоними менен таанылган ырчы 25 жашта болчу.
Чхве Чжин Ри 1994-жылы 29-мартта туулган. Ал алгач ирет сахнага Солли псевдоними астында «F(x)» кей-поп тобу менен 2009-жылы чыккан. 2015-жылга чейинки аралыкта аталган группа төрт альбомун чыгарганга жетишкен. 2015-жылы ал топтон кетип, актрисалык карьерасын баштаган.
Кошумчалай кетсек, кей-поп жылдызы Солли 2016-жылы да өз жанын кыюуга далалат кылганы айтылган болчу.