Биз менен байланышыңыз

Мектеп: Буйрук бар, бирок акча чогултуу токтой элек

Коом | 14 Окт 2019 | 2259 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек  Исаков жаңы окуу жылынан тарта мектептерде, бала бакчаларда ата-энелерден акча чогултуу токтой турганын убадалап, буйрук да чыгарган. Бирок мектептеги ата-энелер фондуна акча төлөөнү талап кылып жатканын айтып, биздин редакцияга айрым ата-энелер кайрылышты.

Анда мугалимдер октябрь айына төлөөнү талап кылганын айтышты. Атын атагысы келбеген жаран мектеп жетекчилиги министрдин буйругун аткарбай жатканын айтып, даттанды.

-Фондко акча чогултуу жоюлат деп айтышкан. Бирок азыр фондко акчаны төлөгүлө деп жатышат. Биз айына 500 сомдон төлөйбүз, бирок бир жылдыкын 2 айда төлөшүңөр керек дешет. Күн сайын балам фондго акча алып келгиле деп жатышат деп келет. Балаң үчүн берет экенсиң, айла жок.

Жыл сайын фонддон сырткары кароолго, класстык иштерге, ремонтко акча чогултат. Мисалга алсак, ар бир окуучудан жылына 5 миң сом алат, 1 класста 20 окуучунуку 100 миң сомду түзөт. Чогулган акча кайда жумшалары боюнча суроо туулат.

Акчаны мугалимдер эмес, ата-энелер түзгөн фонд чогултушу керек. Мектептерди камсыз кылууга бюджеттен бөлүнгөн каражат жетпегенин билим берүү жана илим министиринин орун басары Гульшан Абдылдаева айтат. Бирок ал мугалимдер ата-энелерден акча талап кылууга акысы жок экенин белгиледи.

-Мектептеги ремонтко, керектүү каржаттарга мамлекет акча бөлүп жатат. Бирок толук камсыз кылууга каражат жетпегендиктен, ата-энелер жардам бериүүдө. Мугалимдер окуучулардан фондго акча талап кылбай, ал үй тапшырманы сурашы керек. Биз ата-энелер фондуна эмес, мугалимдердин акча сурашына тыюу салып жатабыз. 

Министрликтин өкүлү ата-энелер фондун жабууга али эрте деп эсептейт.

Мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурованын бул маселе боюнча пикири башкача. Ал билим берүүдөгү көйгөйдү чечүүдө Финляндия өлкөсүн мисал келтирди.

-Мисалы, Финдляндияда ар бир балага 12 миң доллар каражат бөлүнөт. Ал эми бизде каражаттын жетишпестигинен балдарга шарт түзүлбөй жатат. Ошондуктан ата-энелердин колдоосу менен балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүлүп жатат. 

Ар бир бала акысыз билим алууга укуктуу экенин Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева айтып, ал бөлүнгөн каражаттын коротулганы боюнча отчёт берилсе, көп маселелер чечиле турганын билдирди.

-Мыйзамда ар бир бала акысыз окуйт деп жазылган. Кыргызстанда эң көп каражат билим берүү тармагына бөлүнөт. Бирок кайда коротулуп жатканы ачыкка чыкпай жатат. Эгер чогулган акча эмнеге коротулганы боюнча отчёт берилип турса, көп суроолорго жооп табылмак. 

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, администрациясына окуучулар менен ата-энелерден акча талап кылуусуна тыюу салган. Ага ылайык, мыйзамсыз каражат топтоо, ата-энелерге моралдык-психологиялык басым көрсөтүлсө, мугалимдер жумуштан алынмак.

Copyright © 2017 Maral FM