Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Бакуга учуп кетти

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 542 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда эки күндүк иш сапары менен Азербайжандын Баку шаарына Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин VII жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстандан Азербайжанга өтөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун аталган жыйынга катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.

Өлкө башчысын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов коштоп кетишти.

Copyright © 2017 Maral FM