Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министри Нарындагы авариялык мектепке барды

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 501 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жумуш сапары менен Нарын районундагы Казаалы Абиров атындагы орто мектепке барды. Кырдаалга карата түзүлгөн шарттар менен таанышып, жаңы мектеп салына турган жер аянтын көрүп, курулушту тездетүү боюнча мүмкүнчүлүктөр караларын белгиледи. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда министр мектеп жамаатына окуу процессине колдонуу үчүн 4 ноутбук, окуучуларга пайдалуу окуу жана адабий китептерди белекке берди.

Ошондой эле октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30%га көтөрүлгөндөн кийин К. Абиров мектебиндеги ар бир педагог канча маяна ала турганы боюнча да маалымат берди.

Бул мектепте жалпы 162 окуучу билим алат. 21 мугалим жана 8 көмөкчү кызматкер эмгектенишет.

Андан кийин министр Нарын шаарындагы № 87 кесиптик лицейге барды. Окуу процесси, окуучулардын сабакка катышуусу, окуу өндүрүштүк базасы, лаборатория, цех, окуучулардын тамактануусу менен жеринде таанышып, мугалимдер менен пикир алышты.

Copyright © 2017 Maral FM