Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 9 айда 18,9 млрд сом карыз төлөдү

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 645 | 0

2019-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында мамлекеттик тышкы жана ички карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 18,9 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 10,6 миллиард, ички карыз боюнча — 8,3 миллиард сом жумшалды.

31-августка карата өлкөнүн жалпы карызы 4 миллиард 469,22 миллион АКШ долларын түзгөн.

Бул береселердин ичинен 3 миллиард 761,91 миллион АКШ доллары мамлекеттик тышкы карызы болуп саналат. Ал эми мамлекеттик ички карыз — 707,32 миллион АКШ долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM