Биз менен байланышыңыз

АКШда V эл аралык Азия кинофестивалы өтөт

Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 493 | 0

Жыл сайын уюштурулуучу эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) быйыл Калифорния штатында өтөт.

Ачылыш учурунда режиссер Лена Хан «Кызыл Крест» сыйлыгы менен сыйланары айтылууда.

Эл аралык Азия кинофестивалынын 2019-жылдагы калыстарынын катарында Мерием Узерли, Гука Омарова, Киу Чинь, Сара Финн, Джереми Каган, Тин Тин Сюй жана Ирис Ямашита бар.

Фестивалдын калыстары 5 категория боюнча жеңүүчүлөрдү аныктайт: «Мыкты фильм», «Мыкты актер», «Мыкты актриса», калыстардын атайын сыйлыгы жана калыстардын сыйлыгы.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль кинорежиссёр, сценарист, продюсер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы негизделген. Иш-чара 6-ноябрда башталып, 14-ноябрга чейин уланат. Анда Азия өлкөлөрүнүн мыкты, басымдуу бөлүгү Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмалар коюлат.

Бул иш-чара аркылуу Азия аймагындагы кинематографиянын жогорку деңгээлине коомчулуктун көңүлүн буруп, азиаттык жана голливуддук киноиндустриянын ортосундагы байланышты бекемдөө максат кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM