Биз менен байланышыңыз

Кыргыз мигранттары мамлекетке 1млрд 600млн доллар каражат которушкан

Кыска кабар , Экономика | 12 Окт 2019 | 675 | 0
Кыргызстандын чет өлкөдө иштеген  жарандары ушул жылдан 8 айында  өлкөгө  1 миллиард 570,5 миллион доллар которушту.  Бул туурасында Улуттук банк маалымат берди.

Акча которуулардын 90пайыздан ашууну Орусиядан келген. АКШдан  болсо Кыргызстанга 20,8 миллион доллар, ал эми  башка өлкөлөрдөн 9,9 миллион доллар которулган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан акча которуулардын ИДПга болгон катышы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Былтыр  эмгек мигранттары өлкөгө 2 миллиард 685,3 миллион долларды түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM