Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: BIF Орто Азиядагы ири инвестициялык аянтчага айланат

Күн чекит | 11 Окт 2019 | 1972 | 0

«Bishkek Investment Forum» (BIF) жакынкы жылдары Орто Азиядагы ири инвестициялык аянтчага айланат. Мындай пикирин Айыл чарба өнөр жайын өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Бүгүнкү күндө BIF Кыргызстандагы эң ири жана эффективдүү аянтча болуп калды. Ишкерлердин бир жерде чогулуп, долбоорлорду, ар кандай маселелерди талкуулаганы — өтө чоң жетишкендик. Бул долбоор жаңы башталганда ишкерлердин долбоорлоруна инвестиция тартуу жаатында көп ойлонулуп, «Инвесторду кайдан табуу керек? Анын талаптары кандай?» деген сыяктуу суроолордун үстүнөн көп иш алып барылган. Долбоор башталгандан бери жергиликтүү ишкерлерге жалпы 9 миллион доллардын тегерегинде инвестиция тартылгандыгы айтылды. Бул — аябай жакшы көрсөткүч. Ушул бойдон улана берчү болсо,  BIF жакынкы күндөрү Орто Азияга аты чыгып, эң алдыңкы, ири аянтчага айланат», — деп белгиледи Ажыкулов.

Ал ошондой эле, BIFке ишкерлер тарабынан көбүрөөк кызыгуу, ишеним пайда болгонун жана бул аянтчадан инвестиция таба аларына ишенип катышып жаткандар арбыганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн 11-октябрда «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өттү. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM