Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Бизде депутаттарды көрүп ким өсөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2019 | 684 | 0

Жаңы технологиялардын өнүгүшү менен көп өзгөрүүлөр болуп, адамдардын интеллектуалдык деңгээлине терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы технологиялар адамдардын ой жүгүртүүсүн чектеп, натыйжада алардын интеллектуалдык деңгээли төмөндөп баратат.

«Буга бийлик бутактарын, парламентти, өкмөттү мисал кылсак болот. Социалдык интеллект – коомго жараша жүрүм-турумду оңдоо. Бизде депутаттарды көрүп ким өсөт? Ушундай жагдайда интеллектуалдык деңгээли төмөн адамдардын бийликке келүүсү келечекке абдан чоң сокку урат», — дейт Молдокматов.

Китеп окулбай калганы эң негизги маселе экенин белгилеп, мектепте билим гана эмес, тарбия берүү маанилүү экенин кошумчалады.

«Кыргыздын канында күчтүү улуттук идеологияга бай, бирок биз аны ача албай жатабыз. Кыргыз жооптуу болуп, айтканын кылган. Жазылбаган мыйзамдарды тааныбай жатабыз. Көөнөрбөс дөөлөттөр, мадания, адабият, тилибиз бай. Дүйнө тааныган «Манас» эпосун, боз үйдү, шырдакты кыргыздар тааныбай жатабыз. Мына ошол күйдүрөт», — дейт Молдокматов.

Copyright © 2017 Maral FM