Биз менен байланышыңыз

Бишкекте велосипед тебүү боюнча мелдеш өтөт

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 483 | 0

Бишкектин Карагач токоюнда 13-октябрь саат 10:00дө «КАРАГАЧ-TRAIL» аталышындагы велосипед тебүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке жашы 18ден жогору бардык каалоочулар катыша алат. Ошондой эле, 16-18 жаш арасындагы өспүрүмдөр ата-энесинин же ага жооптуу адамдын кагаз жүзүндө макулдугу менен катышат.

Катышуу үчүн негизги талаптар:

  • Велосипеддин дөңгөлөгүнүн диаметри 26, 29 дюйм болушу керек;
  • Катышуучулардын атайын баш кийими болуусу шарт;
  • Паспорту сөзсүз болушу керек;
  • Кошумча коопсуздук үчүн бутту, колду сактай турган жабдыктарды алып алса болот.

Мелдеш 5 категория боюнча өткөрүлөт:

  1. «Мастер-Класс» – катышуучулардын жашы 16дан 50гө чейин. Мелдеш талаасын 5 ирет айланат;
  2. «Элита» – катышуучулардын жашы 16-50гө чейинки велосипеддин ар түрдүү мелдештеринде байгелүү орундарды ээлегендер. Мелдеш талаасын 7 ирет айланат.
  3. «Ардагерлер» – катышуучулардын жаш курагы 50дөн жогорулар. Мелдеш талаасын 4 ирет айланат.
  4. «Электрбайк» – электр энергиясы менен жүргөн ар кандай велосипеддер. Мелдеш талаасын 7 ирет айланат.
  5. «Кыздар» – Мелдеш талаасын 5 ирет айланат.

Мелдештин талаасы айлампа түрүндө жасалган, узундугу 2 километрге жетет.

Copyright © 2017 Maral FM