Биз менен байланышыңыз

«Ата журт» 2020-Парламентик шайлоого «Республикасыз» барат

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 553 | 0

«Ата журт» саясий партиясы 2020-жылдагы Парламенттик шайлоого бир да партияга кошулбастан өз алдынча барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков маалымат каражаттарына билдирди.

Ал партияга экс-депутат Камчыбек Ташиев экөө тең төрага экенин айтат.

«Республика – Ата-Журт» партиясы 2017-жылдан тартып жок болгон. Биз президенттик шайлоо алдында сьезд өткөрүп, уюм ишмердүүлүгүн токтотконун расмий жарыялаганбыз. Ошондо 2020-жылдагы Парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» өз алдынча «Республикасыз» барары айтылган», — деди Ахматбек Келдибеков.

Ал ошондой эле «Республика — Ата журт» фракциясы Жогорку Кеңештеги мөөнөтү бүткөнчө иштээрин кошумчалайт.

Эске сала кетсек, «Республика – Ата журт» партиясы 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин өз ара келишими боюнча түзүлгөн. Анда саясатчылардын эмес, саясий күчтөрдүн бириккени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM