Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Бийлик ээрчиме парламентти каалап турат

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2019 | 902 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Маралга» берген маегинде бийлик «парламент депутаттарын эл эмес, биз шайлайлы» деп преференциалдык шайлоо ыкмасына каршы болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, чабал шайлоо мыйзамдары кабыл алынды. Шайлоочуларда шайлоо эмес, добуш берүү укугу гана бар. Алдыда парламентке ашып кетсе 3 партия келет. Бийлик 2 партия келсе, туруктуулук болорун белгилейт. Бирок саясатта көп пикир болуп, өкмөт парламент аркылуу элдин пикирин угушу керек.

«Кеп өкмөттүн курамын түзүү эмес, эл өкүлдөрүн шайлоодо. Депутаттарды партия лидери, Президенттик Аппарат тизмеге киргизип калган. Алар тил уккандарды киргизет, добуш бере турган кишилерди кошот. Бүгүнкү бийлик ою жок, ээрчиме добуш берүү институтун (парламентти) каалап турат», — дейт Кадырбеков.

Ал белгилегендей, партия лидерлери тизмедеги алгачкы 120 мандатты сатып, ал товарга айланып калган. Мындан улам 2020-жылы да парламентте иштей албаган адамдар келиши ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM