Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Парламенттик шайлоо өз убагында өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2019 | 635 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде парламенттик шайлоо өз убагында өтөрүн билдирди.

«Жогорку Кеңештин тарашы боюнча механизмдерди билбегендер жазында шайлоо болорун айтып жатышат. Андан сырткары, айрым саясий күчтөр да бул маселени көтөрүп чыгып, кээ бир партиялар съездин өткөрүүгө жетишти. Бирок парламенттин өзүн-өзү таратышы кыйын», — дейт Кадырбеков.

Анын айтымында, 2020-жылкы шайлоодо азыркы эле парламент кайра келет.

«Парламентке бизнесмендер келди. Ишкерлердин убактысы — акча. Ал эми парламент үчүн 24 саат иштөө керек. Алар бизнесинде  иштейби же парламенттеби? Ошентип, депутаттар добуш берүүгө эле келишүүдө. Түрдүү багыттагы мыйзамдар каралат. Аны түшүнүп, добуш берүү үчүн интернет, китепканада отурушу керек. Алардын ага убактысы болбойт», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM