Биз менен байланышыңыз

Тажикстан сулуусу эл аралык сынакта бикиничен чыгуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 7550 | 0

Тажикстан сулуусу «Miss Tourism World» сынагына бикини менен чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу «Азия Плюс» порталы жазды.

Тажикстандык Сабрина Зухурова «Miss Tourism World» сынагынын бир нече турунан өтүп, ТОП-5тин катарына кирген. Бирок бикини менен бийлөөдөн баш тарткандыгы үчүн калыстар 50 упай кемиткен. Ага карабай алдыңкы ондуктун катарында кала алган.

«Мага таажыдан мурун намыс кымбатыраак. Сынак түз эфирде өтүп жаткан, «Мисс Тажикстан» дегенде, мен бикиничен чыгуудан баш тарттым, баары аябай таң калды. Бирок мен сыймыктанып турдум жана бул чечимим үчүн өкүнбөймүн», — дейт Тажикстан сулуусу.

Сабрина бикиничен бийлөө керектигин билбегендигин, анын ордуна улуттук бий даярдаганын кошумчалады.

«Мен алгачкы бештикке кирүүнү аябай каалагам, ага да жеттим. Бирок, бул жерде бикиничен бийлешибиз керектигин айтты, мен баш тарттым».

«Miss Tourism World» сынагы 20-августтан бери Кытайда өтүп жатат. Ага 90 өлкөнүн сулуулары катышууда. Сынактын финалдык бөлүгү 10-октябрда өтөт.

Тажикстан бул сынакка алгачкы ирет катышып жатат. Өлкөнүн атынан чыккан Сабрина Зухурова учурда 24 жашта.

Copyright © 2017 Maral FM