Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп курулат

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 439 | 0

Өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат. Бул тууралуу маселе Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоуд менен болгон жолугушуусунда ортого салынды.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде «Мектептерди куруу жана реконструкциялоо» долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты.

Долбоордун негизинде Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу мерчемделген. Учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетүүчү каражатты аныктап чыгышы керек. Долбоорду IFC эл аралык каржылык корпорациясы каржылап, техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү.

Министр Исаков бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.

Copyright © 2017 Maral FM