Биз менен байланышыңыз

Билим берүү: Маалыматтык база жемкордукту жеңе алабы?

Билим-маданият | 8 Окт 2019 | 927 | 0

Билим берүү мекемелеринин бирдиктүү маалыматтык базасы түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен Бишкекте өткөн жыйында билдирди. Сайттын максаты: билим берүү тармагындагы жасалып жаткан иштерди ачык-айкын жүргүзүү; буга чейин козголуп келген коррупцияны жоюу. 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен Бишкекте өткөн жыйында жакынкы арада билим берүү ишканаларынын бирдиктүү базасы түзүлөрүн билдирди. Биздин редакция маалымат реестери качан ишке берилерине, кандай негизде иш алып барарына кызыгып көрдү.

Мамлекеттен каражат ала элекпиз…

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Марлен Алешов маалымат таратуучу база окуу жылдын аягына чейин ишке киргизилерин айтты. Ал ишке кирерден мурун жалпы республика боюнча атайын түшүндүрүү жүргүзүлөт. Учурда мамлекеттик казынадан каражат бөлүнө элек, көрүлүп жаткан аракеттерге акча министрликтин казынасынан жумшалууда.

— Биз билим берүүдөгү маалыматтык базанын иштерин жүргүзүп жатабыз. Реестердин негизги максаты: өлкөдөгү бардык мамлекеттик окуу борборлору тууралуу маалыматтарды базага түшүрүү. Ага кызыккан тараптын баары кирип, каалаган билим берүү мекемеси боюнча маалыматтарды ала алат. Маселен, окуучуларды 1-класска киргизүүдө электрондук кезек сиситемасы кандай жүрүп жатат, же бала бакчага баланы киргизүүдө операциялар кандай өтүүдө — баарын ачык-айкын сайттан көрүүгө болот. Мугалимдер тууралуу маалыматтар, ким кайсы жакты тандагысы келсе, үйдө отуруп эле телефон же компьютер аркылуу көрүп, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү ачылат.

«Биздин мурас» коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков билим берүү тармагында түзүлүп жаткан базанын идеясын колдоду. Бирок маалымат аймактарда да жеткиликтүү иштеши үчүн кубаттуу интернет керектигин белгилейт. Сааданбеков, мындай реестер билим берүүдө эле эмес, башка дагы мамлекеттик ишканаларда да ачылса деген ойдо.

— Ооба, буга чейин деле же азыр деле билим берүүгө коомчулуктун ою, талабы ар дайым күч. Демек, бул тарапка ушундай ачык-айкын маалымат бере турган база керек болчу. Антсе да, айыл жергеси да кабардар болуп туруш үчүн өлкөнү толук санариптештирүү керек. Ошондо маалымат жеткиликтүү жана сиңимдүү болот.

______________________________________________________________________________________________________________________________________

Билим берүү министри мектепке акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарды

______________________________________________________________________________________________________________________________________

Ал эми билим берүү боюнча серепчи Догдургүл Кендирбаева билим берүү тармагы санариптештирилип жатканын колдойт. Бул аракеттердин коомчулукту дүрбөлөңгө салган коррупция ишин жоюуга көмөк көрсөтөрүнөн күмөнү жок. Бирок базанын башка маселеси элди кооптондурарына токтолуп, ар бир окуучу, студенттин жеке маалыматы купуя сакталышы керектигин айтат.

— Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, баары бир санариптештирүүгө өтөбүз. Бул — жакшы кадам. Мен бир эле нерсени мисал келтирип кетет элем, быйыл окуучулар 1-класска электрондук кезекке туруу менен кабыл алынды. Коррупция иштери толук болбосо да азайганы кадимкидей байкалды. Демек, маалыматтык база ишке кирип калса, эл каалаган суроосуна жоопту ал жактан ала алат деген түшүнүк. Бирок бир маселе бар, окуучунун же студенттин аты-жөнү ачык эле жазылат. Бирок адамдык купуялуулук деген бар да. Ошону жабык кылышыбыз керек. Бул — абдан кооптуу маселе.

База түзүү менен коррупцияны жое албайбыз

Жогорку Кеңештин депутаты Садык-Шер-Нияздын пикиринде, билим берүү тармагына ачык маалыматтык база түзүү аркылуу коррупцияны жоюу мүмкүн эмес. Калыптанып калган нерсеге, андагы адамдардын көнүмүш адатына эч кандай база жол тосо албайт.

— Базанын ишке кирет деп жатканы жакшы. Мен колдойм. Бирок билим берүү тармагындагы байырлап калган коррупцияны жаңыдан жасалып жаткан реестер жое албайт. Таптакыр жок кылат дегенден таптакыр алысмын. Акча алып көнгөн адамдар улам жаңы жолун табышат да. Бул иште да жол ачылып, башка кадамдар менен дагы деле паракорчулук орун ала берет.

Билим берүү жана илим министрлиги коррупцияны жоюу максатында быйыл окуучуларды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизди. Бул долбоордун алкагында 13 миң 87 окуучунун арызы кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM