Биз менен байланышыңыз

АКШда V Эл аралык Азия кинофестифалы өтөт

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 587 | 0

«Айтыш АКШ» коммерциялык эмес уюму жана анын жетекчиси Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген Эл аралык Азия кинофестивалы быйыл V ирет өткөрүлүү алдында турат. Бул тууралуу «Айтыш фильм» киностудиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, V Эл аралык Азия кинофестивалы 6-ноябрдан 14-ноябрга чейин АКШнын Калифорния штатындагы Калвер-Сити шаарында өткөрүлөт.

6-ноябрда өтүүчү ачылыш аземде режиссер Лена Ханга «Кызыл Крест» сыйлыгы тапшырылат. Ошондой эле фестивалдын алкагында жапон актеру Хироюки Санадеге «Ак илбирс» улуттук киносыйлыгынын «Кино айдыңында жетишкен ийгиликтери үчүн» номинациясы ыйгарылат.

Азия, Жакынкы Чыгыш аймактарынын 50гө жакын өлкөсү, муну менен катар Түркия, Орусия мамлекеттеринен келген режиссерлордун тасмалары 5 номинацияда ат салышат. Алар: «Мыкты тасма», «Мыкты актер», «Мыкты актриса» жана калыстардын сыйлыгы, калыстардын атайын сыйлыгы. Бул номинацияларды курамына түрк актрисасы Мерием Узерли, казак актрисасы Гука Омарова, кытай актеру Тинь Киу Чинь, Тин Тин Сюй, Америка актрисасы жана продюсери Сара Финн, режиссер Жереми Каган, жапон сценаристи Ирис Ямашита кирген калыстар тобу аныктайт.

Copyright © 2017 Maral FM