Биз менен байланышыңыз

Дайыр Исмадияров: Бизнесимди шоколад сатып баштагам

Көңүл ачуу , Шоу-бизнес | 5 Окт 2019 | 764 | 0

10 жылдан ашуун убакыттан бери шоу-бизнесте жүргөн таланттуу ырчы Дайыр Исмадияров «Марал-шоу» программасында конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди.

— Учурунда «Досторум» аттуу ырыңыз абдан популярдуу болду эле. Сиздин колуңузга кандайча тийип, кантип ырдап калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Бул чыгарманы сахнага жаңы кадам таштап жатканымда жакын досум сунуштаган. Авторун сурасам, «Билбейм,бирок аябай жакшы чыгарма», — деди. Мага абдан жакты. Ыр популярдуу болуп, элге алынып калгандан кийин «Ырдын автору менмин» дегендер көбөйө баштады. Тактаганга аракет кылып жатам. Анткени, кийинки жаштар ырдап кала турган болсо, авторун билиши керек деп ойлойм.

— Шоу чөйрөгө келгенге чейин эмне менен алектенгенсиз?

— 6-7-класс кезимде эжем Россияга кеткен. Ал жактан шоколад салып жиберчү. Аларды өзүм жебей, эшиктин алдына кичинекей отургуч коюп алып, ары-бери өткөндөргө арзан сатчумун. Чогулган акчага Бишкектен вино алып келип, аларды кошо сатып баштадым. Улам бизнести кеңейтип, тиричилик буюмдарын да сатууга өттүм. Ошентип, кымындай отургучтан башталган бизнес кийин чоң дүкөнгө айланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM