Биз менен байланышыңыз

ЖИА: Кыргызстандагы эң ири бизнес иш-чараны (BIF) өткөрүүгө даярбыз

Экономика | 3 Окт 2019 | 1693 | 0

10-11 октябрда Бишкекте инвестициялык форум өтөт. Иш-чарага коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жеке ишкерлер катышат. Форум буга чейин өлкөдө 3 жолу өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 700гө жакын бизнес долбоор сунушталып, жалпы 10 млн долларга жакын келишимге кол коюлган. 

10-октябрда АКШдан жана Түштүк Кореядан 40ка жакын компания Кыргызстанга келет. Бул иш-чараны ЖИА Бизнес ассоциациясы менен АКШ элчилиги биргеликте уюштуруп жатат. Анда дүйнөгө белгилүү «Самсунг», «ДЭЛ» сыяктуу компаниялар Бишкекке келип, франшизе, дистрибьютор өткөрөт. Ал эми 11-октябрда коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген ишкерлердин катышуусунда Бишкек инвестициялык форуму өтөт. Форумдун максаты: ишкерлерди жакындан тааныштыруу жана келечекте ишкерликти өнүктүргөн келишимдерди түзүү.

Кыргызстанда өзгөчө багыттагы бизнестер ачылып жатат

Кыргызстанда 10 жылдан бери иш жүргүзүп келаткан «Sierra Group» компаниясынын директору Бред Бреннеман борбордо өтө турган форум ишкерлер үчүн пайдалуу болорун айтат. «Анда негизинен, «Дүйнөнүн талаптары кандай? Кайсы компания брендде? Аларда кандай жетишкендиктер бар?» деген сыяктуу суроолордун айланасында маалымат алуу ийгиликтин алгачкы тепкичи болот», — дейт.

— Биз Бишкекке Казакстанда өнүгө элек бизнестерди ачып, өнүктүрүп жатабыз. Буга, албетте, кыргызстандыктардын эркиндиги жана чыгармачылыгынын күчтүүлүгү себеп болууда. Келе жаткан жумада өтүүчү форумда биз: «Конкреттүү түрдө эмнеге басым жасашыбыз керек? Чет өлкөлүк ишкерлер эмне кылып жатышат? Алар ишкерликте эң башкысы эмнеге маани берет? Жана коом эмнеге муктаж?» — деген сыяктуу суроолорго басым жасашыбыз керек. Башка мамлекетти  туурабай, өзгөчөлүк издегенде, элдин агылуусу, кирешенин өсүүсү байкалат.


Bishkek Investment Forum: жылдын эң ири ишкер форумун өткөрүп жибербеңиз!


Ал эми «Аталык Групп» агрардык компаниясынын директору Турат Үкүбаев: «Кыргызстанда айыл чарба тармагы өнүгүп жатат», — деген ойдо. Бирок Казакстан, Тажикстанга салыштырмалуу прогресс кыйла артта. Муну мамлекет ЕАЭБге мүчө болгону менен башкалардыкындай мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатканынан көрөт.

— Кыргызстандын айыл чарбасы өнүгүп жатат. Буга себеп башка мамлекеттен окуп, иштеп келген жарандар алган тажрыйбаларын колдонуп жатканында. Маселен, Таласта, Нарында күнөскана иштетип, жаңы технологияларды колдонуп жатканын байкап жүрөм. Бирок Орусия, Казакстан жана Өзбекстанда бул тармак болуп көрбөгөндөй темпте өсүүдө. ЕАЭБге мүчө болуп жатканда биз башка нерсени күткөнбүз, бирок өнүгүү абдан жай жүрүүдө. Ошондой эле бизде агрономдорду калкалоо, аларга шарт түзүү жагы начар каралган.

Бизнесмендер үчүн жаңы өнөктөш табуу, маалымат чогултуу биринчи орунда турат. Мындай пикирди «Tredstone Capital Partners» компаниясынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев айтат. Ал боло турчу форум ишкерлерге жогоруда атап өткөндөй мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен түзүп берет. «Бир өлкөдө жашап туруп да, бири-бирин тааныбаган, ким эмне өндүрөрү боюнча маалыматы жок бизнесмендер бар», — деп, буларга токтолду:

— Чакан ишканалардын чоң көйгөйү — каражаттын жетишсиздиги. Алар алгач орточо кирешеси бар ишканага айланыш үчүн чыгарып жаткан өндүрүмүн көп жылдык каржылай турган каражат табышы керек. «Ишкерлерибизге кантип жардам берсек?» — деп, акыры бир чечимге келдик. Ал — компаниялар ортосунда платформа түзүү. Анда башка облуста жеке бизнестерин ачкан ишкерлер бири-бири менен таанышып, алака түзгөнгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Экомайдан программасында : Бишкек инвестициялык форуму жана франшиза көргөзмөсү ЭКСПО ишкерлерге кандай пайда берет?Спикер : "Тредстоун Капитал Партнерс" компаниясынын жетекчиси, инвестиция жаатында эксперт Умбриэль ТемиралиевТынчтык Кадыров , ишкер

Опубликовано Бизнес Ассоциация JIA Среда, 2 октября 2019 г.

Депутаттар бизнесин коргоп жатат. Ич ара тирешүү күч

«Кыргызстанда жеке ишкерлерди коргоо жагы алсыз», — дейт «Kyrgyz Concept» ишканасынын негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиев. Анын айтымында, мамлекет тарабынан жеңилдетүүлөр каралып жатканы менен ал жетишерлик деңгээлде эмес. Себеби, депутаттар жөнөкөй адамдардын ишкердигин унутта калтырып, өзүлөрүнүн жеке бизнестерин коргоо менен убара болушууда.

— Тилекке каршы, бүгүнкү күндө айыл жергесиндеги жөнөкөй, жаңыдан иш баштап жаткан бизнесмендердин көйгөйүн түшүнгөн адамдар жокко эсе. Себеби, бийликтин чокусунда турган саясатчылар өздөрүнүн ишкердигин бири-биринен кызганып, талашкандай сезилет. Жөнөкөй ишкерлерге көңүл бургандын ордуна чоң бизнестердин бири-бирине болгон тирешүүсү күчөп кетти. Ооба, мамлекет жардам берген сыяктуу болуп жатат, бирок ал жетишсиз да. Ишкерлерге ишеним керек, колдоо керек.

Белгилей кетсек, 10-11 октябрда ЖИА Бизнес ассоциациясы Бишкек инвестициялык форумун өткөрөт. Анда башка мамлекеттин ири компаниялары катышып, бизнес долбоор сунушталат. Аталган форум 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага жалпысынан 2500 кыргызстандык ишкер катышкан.

ЖИА Бизнес ассоциациясы ишкерлер менен жолукту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM