Биз менен байланышыңыз

ЖИА Бизнес ассоциациясы ишкерлер менен жолукту

Коом | 27 Сен 2019 | 728 | 0

ЖИА Бизнес ассоциациясынын жетекчилиги биргеликте иш алып барып жаткан өнөктөш ишкерлер менен жолукту. Анда алардын жасаган иштери, жетишкен ийгиликтери тууралуу маалыматтар айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө ар тармактуу компаниялардын пландары, кызматташтык тууралуу да сөздөр жүрдү. Ошондой эле жолугушууда ар кандай кызыктыруучу оюндар, анын ичинен ЖИА бизнес ассоциациясынын атайын сертификаты ойнотулду.

Миңден ашуун мүчөсү бар ЖИА Бизнес ассоциациясы өнөктөштөрүнүн башын бириктирген иш-чара өткөрдү. Жолугушуунун негизги максаты: ар тармактын адамдарын бири-бири менен тааныштырып, келечекте биргелешип кызмат кылуу. Ассоциациянын төрагасы Жоодар Омошов иш-чара боюнча буларды маалымдады:

— Иш-чара негизинен ишкерлерди бири-бири менен тааныштыруу үчүн уюштурулган. Бир жагынан эркин баарлашып, бир жагынан көңүл ачып кетишет. Өзүңөргө маалым болгондой, жаңы жүздөр да келип, ортодо жылуу мамиле түзүлдү. 

Иш-чаранын алкагында ар кандай кызыктыруучу оюндар да орун алды. 1000 долларлык сертификатты утуп, кубанычы койнуна батпаган Аудиттик жана бухгалтердик «Учет профлайн» компаниясынын директору Наргиза Мирлан кызын сөзгө тарттык.

— Бүгүнкү иш-чарада абдан көп оюндар ойнотулуп жатат. Аларга катышып, жыйынтыгы жаман болгон жок. ЖИА Бизнес ассоциациясынын 1000 долларлык сертификатына ээ болдум. Бул: «ЖИА биздин компанияны бекер жарнамалайт» дегенди билдирет. Мен терең ыраазычылыгымды билдирип кетет элем. Абдан сонун жолугушуу болду.

«Agroturk» компаниясынын менеджери Карина Муканбетова иш-чарага атайын келгенин айтып, ЖИА Бизнес ассоциациясы менен иш алып барууга куштар экенин билдирди. Ал келген ишкерлер менен жакындан таанышып, келечекте өнөктөш болууну каалайт.

— Биз 2013-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келебиз. Биздин компания Түркиядан заманбап айыл чарба техникаларын алып келет. Негизги максатыбыз: ЖИА Бизнес ассоциациясы аркылуу өзүбүздүн техникаларыбызды таанытып, маалыматтарды коомчулукка дагы да болсо кеңири таратуу.

Келген коноктордун ичинде «Хюндай» компаниясы да бар. Аталган ишкананын директору Рахат Жунушбаеванын айтымында, алар 10 жылдан ашуун убакыттан бери лифт, эскалатор коюу менен алектенип келишет.

— Биз Кыргызстандын рыногуна 2014-жылдан тартып кирдик. Бирок мекемелерге лифтти 2009-жылы эле коюп баштаганбыз. Эскалатор, лифттерди чыгаруу боюнча иш алып барып жатканыбызга 10 жылдан ашып калды. «Айчүрөк», «Азия Молл», «Дордой Плаза», «Ай Молл» соода борборлоруна биздин каражаттар орнотулган. Ошондой эле быйыл Ысык-Көлдүн түштүк жээгин өнүктүрүү максатында иш алып бардык. Анда атайын эки кабаттуу боз үйлөрдү тиктик. Чет жактан келген меймандардын тили менен айтканда, 5 жылдыздуу боз үй болду десек да болот.

ЖИА Бизнес ассоциациясынын Кореядагы өкүлү Мэлс Эркинбек жакынкы күндөрү Кореядан ишкерлер келерин билдирди. Алар менен кыргызстандык бизнесмендердин ортосунда алака түзүлүп, иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейерин да белгиледи.

— Кореянын бир провинциясынын өкүлү бизге келе жатат. Максаты тууралуу айтсам, Кыргызстан менен, кыргыздар менен таанышуу. Анда ЖИА Бизнес ассоциациянын өкүлдөрү менен жакындан тааныштырып, келечекте биргелешип иш алып баруу маселеси каралат. Жакында эле Кореянын профсоюзу менен жолугушуу өткөн эле. Анда да кыркка жакын өкүл келген болчу. Жыйынтыгында, ири жана кичи компаниялар ортосунда кызматташуу иретинде жолугушууларды уюштурдук. Балким келечекте кызматташтык жүрүп, ийгилик болуп калат.

ЖИАнын мүчөлүгүндө турган «Даанышман групп» юридикалык компаниясы келген меймандарга бизнести өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү укуктук жана салык консалтинг жаатындагы кызматтары тууралуу тааныштырып өттү. Аталган компаниянын юристи Алия Палванова буларга токтолду.

— Биздин компания Кыргызстанда 2005-жылдан бери иш алып барып келет. ЖИА менен кызматташып келе жатканыбызга эки жылдын жүзү болду. Биз адамдарга юридикалык кызмат көрсөтөбүз. Маселен, кимдир бирөө бизнес ачып жатса, аны баштан-аяк түптөп, жардам беребиз. Анда бизнести коргоо, юридикалык багытка тиешелүү бардык тийиштүү документтерге жооп беребиз.

ЖИА Бизнес ассоциациясы — Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирген эң ири уюм. Ошондой эле эл аралык деңгээлде башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашып, ишкердикти өнүктүрүү боюнча бир катар кызматтарды аткарат. Мындан сырткары, Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмуна мүчө болуп катталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM