Биз менен байланышыңыз

Москвада мигранттарга жүрүп жаткан текшерүү боюнча элчилик билдирүү жасады

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 2670 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Орусиянын Москва шаарында Кыргызстандын жарандарын күчөтүлгөн тартипте текшерип жатат деген маалымат боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, учурда Москва шаарында жана Москва облусунда «Нелегал» аталышындагы рейд жүрүп жатат. Рейд бир гана Кыргызстандын жарандарына багытталбастан, бардык Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоого багытталган.

B-Service – сизди көчүрүү – биздин милдет

Чет өлкөлүк жарандар тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда Орусиянын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылып, Орусиянын аймагынан чыгарылып, же кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Элчилик Орусиядагы ар бир Кыргызстандын жаранын жашаган жерине каттоого турууну эскертип, документ жасоодо ортомчулардын кызматынан баш тартууну сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM