Биз менен байланышыңыз

Пенсиянын өлчөмү менен макул болбогондор кайда кайрылат? (адистен жооп)

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2019 | 756 | 0

Социалдык фонддун райондук башкармалыгы чегерген пенсиянын өлчөмү менен макул болбогон жарандар борбордук аппаратка кат менен кайрыла алат. Адистер пенсияны кайра эсептеп берет. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, зыяндуу өндүрүштө иштеген эркектер 53 жаштан пенсияга чыгууга укуктуу. Ал үчүн 20 жылдан кем эмес эмгек тажрыйба талап кылынат.

Учурда орден, медалдар менен сыйланган адамдардын пенсиясына үстөк төлөм  берилбейт. Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн берилүүчү пенсиялар 2015-жылы жокко чыгарылган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 1,5 миңдей адам өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алат.

«Пенсиянын өлчөмү төгүмдөрдөн көз каранды. Айталы, жаран 5 жерде иштейт. Социалдык фондго иштеген бардык жеринен төгүм төлөй алат», — дейт Мукамбетов.

Маалыматка ылайык, Социалдык фонддун 1202 кыска номуру аркылуу пенсия боюнча бардык суроолорго жооп ала аласыз. Чалуу акысыз. Мындан сырткары, мекеменин расмий баракчасы да кызмат кылат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM