Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов: Айылдык мугалимдерге арзан ипотекага турак жай берели

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 959 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов айыл жерлериндеги мугалимдерге арзан ипотекалык турак жай, жер тилке жана ссуда берүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 3-октябрдагы отурумунда айтты.

Депутат бул сунушу аркылуу мугалимдердин коомдогу ордун жогорулатуу, социалдык шартын жакшыртуу, аларга стимул берүү максатын көздөөрүн белгилейт.

«Мугалимдердин маянасы көтөрүлдү. Бул жакшы. Муну менен чектелбей, айыл жериндеги мугалимдердин социалдык шарттарын жакшыртуу жана аларга стимул берүү максатында бир катар сунуштарды айтам. Алар: 5 жылдан ашык стажы бар мугалимге 6 %дык өлчөм менен ипотекага үй берүү шартын кароо; экинчиси, айылда үй салам деген мугалимге жергиликтүү бийлик тарабынан жер тилке берүү; үчүнчүсү, чек арада жашаган мугалимдерге Өкмөт кайтарымы 10 жылдан ашык мөөнөт менен 500 миң сомдон ссуда карап берүү. Мына ушул маселелерди сунуштайм», — деди Тазабек Икрамов.

Депутат бул агартуу тармагынын армиясына стимул болуп, келечек муунду тарбиялоого зор салым кошот деген оюн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM