Биз менен байланышыңыз

Эрдогандын зулумунан качып баратып 7 жаран каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 1328 | 0

Эге деңизине чөгүп каза тапкан түркиялык 5 бала менен 2 аял Грециянын Хиос аралына жерге берилди. Бул тууралуу «Tr-724» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын арасында 58 жаштагы Кевсер Сезер, анын 40 жаштагы кызы Мелтем Зенбил, 12 жаштагы небереси Мустафа Саид Зенбил да болгон. Алар Түркиядагы катаал режимден кутулуу максатында жолго чыгышкан.

Tr-724’түн кызматкери Эмине Эроглу Инстаграмдагы баракчасына Кевсер Сезер менен Мелтем Зенбилдин сүрөтүн бөлүштү. «Сүрөттөгү адамдар Эге деңизине «адамгерчилик» менен бирге чөгүп өлгөн Кевсер Сезер менен кызы Мелтем Зенбил» деген Эмине Эроглу төмөнкүлөрдү жазган:

«Жашоосун, мал-мүлкүн кызмат жана адамгерчилик үчүн арнаган учурдун «Мариямдары». Кевсер Сезер 2008-жылы Босния-Герцеговинада шейиттердин мазарына зыяратка барганда «Жараткан, Сенин жолуңда хижрат кылып жүрүп көз жумууну насип кыл…» — деп тилек кылыптыр. Кызы, небереси менен чогуу каза тапты».

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Хиос аралында кайык кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 7 адам каза тапкан.

Алар:

Мустафа Саид Зенбил (12 жашта)

Мелтем Зенбил (40 жашта)

Кевсер Сезер (58 жашта)

Махир Ышык (4 айлык)

Мустафа Кара (6 жашта)

Гүлсүм Кара (8 жашта)

Ибрахим Ышык (3 жашта).

Copyright © 2017 Maral FM