Биз менен байланышыңыз

Ереванда Жогорку Евразиялык Кеңештин жыйынында кандай документтерге кол коюлду?

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 507 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-октябрда Армениянын баш калаасы Ереван шаарында Жогорку Евразиялык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын адаттагыдай тар жана кеңейтилген курамда өтүп, анын жыйынтыктары боюнча Евразиялык Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчылары биримдиктин алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту:

— Евразия экономикалык форуму жөнүндө;

— ЕАЭБ Сотуна кайрылууда чарбалык субъектилер төлөгөн пошлинанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;

— Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 79 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

— 2018-жылы ЕАЭБ бюджетинин аткарылышы боюнча отчет жөнүндө;

— 2020-жылга ЕАЭБ бюджети жөнүндө;

— 2020-жылга ЕАЭБ эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;

— ЕАЭБ жалпы карыжылык базарын түзүүнүн Концепциясы жөнүндө;

— 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюу жөнүндө;

— ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ бюджетине үлүштүк төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздарын жабуунун тартибин бекитүү жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда газды ташуу жана жеткирүү чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө;

— ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;

— ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө;

— ЕЭК ишинин Регламентинин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

— ЕАЭБ агроөнөр жай саясаты боюнча Кеңеш жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

— Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө;

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM