Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: «Кумтөр» кенинин экологиялык коопсуздугу сакталат

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 480 | 0

Мамлекет Кумтөр кенинин экологиялык коопсуздугун жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги жумушчулар менен жолуккан учурда билдирди.

Өкмөт башчы «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерди көрүп, алтын өндүрүүчү фабрикага барды. Мындан тышкары компаниянын жумушчулары менен жолугушту.

«Кумтөр маселеси биз үчүн канчалык маанилүү экенин коомчулук билет. Биз экологиялык коопсуздук, экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнү эсепке алуу менен, кендин мындан ары иштөөсүнө багытталган максаттарды койдук», — деди премьер-министр.

Абылгазиев ошондой эле кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда түзүлгөн жаңы Стратегиялык макулдашуу өзүн-өзү актайт деп ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM