Биз менен байланышыңыз

Президент карыларды эл аралык күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 720 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы кыргыздар эзелтен  «Карысы бардын ырысы бар», «Карынын сөзүн капка сал» деп, улгайган адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкенин белгилейт.

— Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз. Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү —  азыркы муундун милдети. Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат.

Жээнбеков улгайган курактагы жарандарды 1-октябрь күнү эле эмес, ар дайым татыктуу көңүл буруп, баалап сыйлап жүрүүгө чакырат.

1-октябрь — Карылар күнү. Өлкө боюнча алардын саны 91 миңге  көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, ушул жылдын башында карылардын саны 500 миңге жакындаган.

Copyright © 2017 Maral FM