Биз менен байланышыңыз

Матраимовдор-сөз эркиндиги. Мыйзам ким тарапта?

Коом | 30 Сен 2019 | 641 | 0

Ошто «Азаттыктын» кабарчысы Айбек Кулчумановдун видеокамерасын тартып алгандар Раимбек Матраимовдун жакын туугандары болот. Алар журналисттин видеокамераны башка максатта тартып алышкан. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди. Ал билдиргендей, арыз ээси үчөө болгондуктан тергөө иштери көбүрөөк убакытка созулат. Мындан улам биз: «Журналисттерге көрсөтүлгөн кадам кысымбы? Мындан аркы кадамдар кандай болот?» — деген суроолордун айланасында сураштырдык. 

Окуя 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов сюжет жасап жүргөн учурда болгон. Маалыматтарга караганда, капилет келген белгисиз адамдар оператордун колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алган. Биз Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыковго байланышканыбызда, сьемкага керектүү каражаттарды тартып алган адам Матраимовдордун жакын туугандары экенин айтып, бирок алар «Тартып жаткандардын журналист экенин билген эмеспиз», — дешкенин билдирди.

— Арыз жазган жаран Матраимовдордун биринин баласы экени аныкталды. Алар дрон менен видео тартып жатышкандардын журналист экенин да билген эмес экен. Жеке жашоосуна кийлигишкени үчүн тартып алышканын айтты. Бирок аны тоноо, карактоо максатында эмес, милицияга берүү үчүн гана ушул аракеттерге барганын билдиришти. 

Эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов: «Журналисттер коррупционерлерге жакпайт», — дейт. Себеби, ошол эле депутаттын, соттордун иштери таза жана адилеттүү жүрүп жатканын журналисттер гана иликтеп, коомго маалымат таратат. Ал эми Ошто болгон окуяда журналисттик укук бузулган деген пикирде.

— Депутаттардын, соттордун, жана министрликтердин жасап жаткан иштеринин бардыгын журналисттер анализдеп коомчулукка жарыялап турат. Кайсы жерде коррупция болсо, ошол жерде иликтеп-жиликтеп коомго таратат. Бул — алардын жумушу. Мага деле айрым журналисттер, алардын иштери жакпайт. Бирок мен түшүнүү менен карайм. Ошто катталган окуяда журналисттин укугу бузулган. Сот адилеттүү чечим чыгарып бериши керек. Анткени, эл карап турат, күтүп турат.

Ал арада Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков: «Журналист жеке менчик делген тарапка өтпөшү керек» деген пикирин Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ал: «Азаттыктын» журналисти Матраимовдордун үйүн тартканы туура эмес» деп эсептейт.

— Керек болсо сөз эркиндигин туу туткан, адам укуктарын кадырлаган Америкада дагы кимдир бирөөнүн жеке үйүнө уруксатсыз кирсе, уруксатсыз жеке менчигин аңтарса, тартып жарыялоого аракет кылса — ит аткандай атып салат. Айрыкча, дайым Америка жана демократиянын баалуулуктарын үлгү кылып жүргөн «Азаттыктын» кызматкерлеринин ашыкча укуктарды пайдаланып, бирөөнүн жеке менчигин уруксатсыз тартканы барып, буюмдарын тарттырып жиберип, «Сөз эркиндигине каракчылык кылды, сөз эркиндигине каракчылык Кыргызстанда гана бар» деп мамлекетти кошо жамандаганыңар бир аз туура эмес.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов журналисттер коомдо орун алып жаткан жагдайды чагылдырууга укуктуу экенин айтат. Ал эми бүгүнкү күндө иликтенип жаткан тергөө иштери ак жана адилеттүү өтүшүн талап кылат.

— Журналистке жана анын редакциясына келтирилген чыгымдар үчүн, албетте, жоопко тартыш керек. Бул иш процессинде болгон окуя. Биз журналисттердин укугун коргоо боюнча ушул жылдын апрель айынан баштап иш алып барып келе жатабыз. Ошондон бери ИИМге арыз менен кайрылган окуя биринчи жолу катталды. Демек, жол ачылды десек болот. Элдин үмүтү бул маселеде сот адилеттүү чечим чыгарып, ишти эртелетиши керек.

Ал эми Өкмөт башчы «Азаттык» радиосу кабылган окуянын сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгиси келет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM