Биз менен байланышыңыз

Каржы министринин казынага кол салгандыгы айтылууда

Экономика | 30 Сен 2019 | 611 | 0

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына бере турчу бүгүнкү сурагы башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Ошондой эле алар буга чейин тараган тинтүү иштери жүргөн деген маалыматтарды четке кагып, болгону керектүү гана документтер алынып кеткенин айтышты. Бирок айрым серепчилер аталган министрлик казынадагы каражатты өзүм билемдикке салып коротуп жатканын билдиришүүдө.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 30-сентябрга суракка чакырылган. Анда 26-сентябрда Каржы полициясынын кызматкерлери соттун чечими менен Өкмөттүн алдындагы эл аралык сотторго жооптуу борбордогу төлөмдөр боюнча, тактап айтканда, акчаны максатсыз пайдалануу беренесинин негизинде Каржы министринин иш бөлмөсүн текшерүүгө алган. Алынган маалыматтарга таянсак, бюджеттен 1, 6 млн сом бөлүүнүн ордуна 6 млн сомдун максатсыз пайдаланылышына жол берген. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы Анастасия Пискур ал жакта тинтүү эмес, болгону керектүү документтер гана алынганын маалымдады.

— Биз аталган министрликти тинтүүгө алган жокпуз. Болгону керектүү гана документтерди иликтөө иштерине алып кеттик. Бул нерсени тинтүү деп айтууга болбойт. Ал учурда эч кимди суракка чакырган эмеспиз. Адегенде сотко чейин иликтөө иштери жүрөт. Андан кийин гана борбордук соттордун негизги өкүлдөрү жана Каржы министри келип катышат.

Каржы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын башчысы Камил Чоткараевдин айтымында, документтерди алып кетүү боюнча токтом келген эмес. Муну менен катар, мекемеде тинтүү болгонун, документтер текшерүү үчүн берилгенин тастыктады.

— Бирок тинтүү министрдин кабинетинде эмес, документтер сакталуучу бөлмөдө, тийиштүү кызматкерлердин катышуусунда болгон.

5 млн сом алардын чай-пайы эле…

Юрист Жоомарт Жолдошевдин пикиринде, бул жердеги маселенин маңызы соттук өкүлчүлүктүн казынадан мыйзамсыз кетирген каражаттарында. Аныгында, айтылган 6 млн сом чекеси эле, себеби, коротуулар долларлап саналат.

— Бул жерде маселе соттук өкүлчүлүктүн казынадан кыянаттык менен короткон акчасы болуп жатат. Эң маңыздуусу жана ошол соттук өкүлчүлүктүн негизги милдети: өкмөт тарапка ички жана сырттан келген сотторду алып баруу. Финполдун маалыматы боюнча айтсам, 5 млн сомду жеп койгон деп жатпайбы. Ал көйгөйдүн учу гана болуп эсептелинет. Тагыраагы, алардын чай-пайына кетирген эле акчасы. Ал жерден чыгып кеткен акча андан да көп.

Жолдошев: Кыргызстан эл аралык сотто 24 млн долларга утулду

Каржы министри ишти жакшы алып барууда

Депутат Эмил Токтошев Каржы министринин суракка чакырылганына таң калып жатканын айтты. Себеби, Бактыгүл Жээнбаеванын бул кызматка келгенине аз эле убакыт болгон. Ошондой эле, «Каржы министри ушул күнгө чейин ишин өз нугунда эле алып барып жатат», — деген оюн билдирди.

— Биз деле социалдык баракчаларга тараган маалыматтарды окуп отурабыз. Бирок мен бир нерсени айтып кетким келип турат. Каржы министри кызматка жаңы гана келди. Керектүү каражаттар толугу менен эле бөлүнүп берилип жатат. Ооба, кээде кечиктирүүлөр болуп калат. Бирок мен ойлойм, аталган министрлик ишин жакшы эле аткарып жатат.

Белгилей кетсек, алдын ала маалыматта Соттук өкүлчүлүк борборунун кызмат көрсөтүүсүнө бюджеттен каралган 1,6 млн сом төлөмдүн ордуна 6 млн сом берилген. Бактыгүл Жээнбаева уруксат берүүчү документтерге кол койгону, ошондуктан тинтүү дал ошол министрдин бөлмөсүнөн башталганы мурда айтылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM