Биз менен байланышыңыз

Токтом чыкты. 1-октябрдан тарта мугалимдер жогорулатылган маяна ала баштайт

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 758 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин маянасы 30% көтөрүү тууралуу чечим 1-октябрдан тартып аткарыла баштайт.

Мугалимдерди маяналарын көтөрүүгө 1,7 миллиард сом керек болот. Өкмөт каражат табылганын, эмки жылга 7 миллиард сом керектелерин, ал маселе жаратпай турганын маалымдоодо.

Баштапкы эсептөөлөргө ылайык, аптасына 20 саат сабак берген мугалимдердин айлыгы 12 796 сомдон 17 0 97 сомго жогорулайт. Жумасына 36 саат менен иштеген тарбиячылардын маянасында деле ушундай өзгөрүү болот.

«Эмгек акысын мынчалык көтөрүүгө каражаттарды табуу кыйла кыйын болору тууралуу бардык скептикалык божомолдорго карабастан, биз аларды таптык. Жыл аягына чейин бул кошумча 1,7 млрд сомду талап кылат, кийинки жылы – 7 млрд сом. Өкмөт билим берүү тармагынын 120 миңге жакын кызматкеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен зарыл каражаттарды тапканын баса белгилеп кетким келет. Мамлекет жарандарыбыздын билим алуусуна жана саламаттыгына байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана мындан ары карай дагы бул чөйрөлөргө колдоо жана каржылоо көрсөтүү үчүн аракет көрөт», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы мугалимдердин үмүтү толук акталышы үчүн алдыдагы төлөмдөргө тийиштүү бардык маселелерди дыкат иштеп чыгууга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көңүлүн бурдурду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 74 миң 900 мугалим иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM