Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Германиялык джаз жанрында ырдаган ырчылар келет

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 29 Сен 2019 | 612 | 0

Германиядан джаз жанрында ырдаган ырчылар жана композиторлор келишет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Германиянын элчилиги маалымдады.

Кыргыз джаз музыканты Эркин Кыдыкбаева менен биргеликте германиялык Ирина Шнайдер жана башка музыканттар Бишкекте жана Ошто концерт берет.

Бишкекте 1-октябрда 18:30 башталат. Ал эми Ошто 4-октябрда 18:00дө   Ош шаарынын Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында  өтөт.
Йоханна Шнайдер  өзүнүн өлкөсүндө ийгиликке жетишип, күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Акыркы жылдары чет өлкөлөргө барып талантын көрсөтүүдө. Ал буга чейин   Эфиопия,  Кувейт, Кипр, Финляндия, Эстония, Франция, Италия  жана Түркияга барып концерт койгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM