Биз менен байланышыңыз

Ош ИИБ: “Азаттыктын” операторуна кол салуу боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 608 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына «Азаттык» радиосунун оператору А. К. арыз менен кайрылып, «кесиптик милдеттерин аткарышып жаткан учурда, жалпы суммасы 22 миң 700 долларды түзгөн видеокамера, штатив, дрон аппаратынын башкаруу пультун коркутуу жолу менен 4 бейтааныш жаран тартып алып, «Лексус-330» үлгүсүндөгү автомашинасына салып кеткендигин» билдирип, аларды кайтарып алууга жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранган. Арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошол эле күнү, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну Н.Ж. арыз менен кайрылып, анда 28-сентябрь күнү эрте менен саат 08.00дөн тартып үйүнүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен видеотасмага тартып жатат. Буга чейин «Азаттык» радиосу жеке менчик ээсинин макулдугусуз видеотасмага алып, адамдардын жеке купуя жашоосун жыйнап жана ачыкка чыгарып келишкен. Аталган радионун журналист операторлоруна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздү суранамын» деп билдирген.

Аталган жарандын арызы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Арыз ээсинин жакындары тарабынан тартылып алынган видеоаппаратура акт түзүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына үчүнчү арыз келип түшкөн. Анда, ошол эле Супаналиев үйүнүн тургуну А. уулу О. короодо турган учурда башына дрон келип түшкөндүгүн анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген. Дрон аталган даректи кароо учурунда үйдүн короосунан ыкчам иликтөө тобу тарабынан алынган.

Арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Катталган арыздар боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы болгон окуяны ар тараптуу терең иликтөө максатында тиешелүү иш чараларды жүргүзүшүп, сотко чейинки өндүрүш иштерин башташты. Күбөлөр суралууда.

Copyright © 2017 Maral FM