Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өлкөдө контейнер жана чатыр мектеп болбош керек

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 678 | 0

Адегенде авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы курула турган жалпы билим берүүчү мекемелер каржыланат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «капиталдык салымдар» беренеси боюнча билим берүү объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү талкууланган жыйында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2017-2018-жылдардын аралыгында республика боюнча 243 билим берүү объектиси курулганы айтылды. Анын 121и мектеп жана спорт зал, 122си бала бакча. Бул үчүн 5,2 млрд сом бөлүнгөн. Ушул жылы 46 объекттин курулуш иштери аяктаган, алар: 28 мектеп жана 18 бала бакча.

Премьер-министр авариялык абалдагы мектептер өзгөчө тынчсыздандырып жатканын белгиледи.

«Өлкөдө авариялык, «контейнерде» жана чатырларда мектептер болбош керек. Биз мектептердин курулушуна каражат табабыз жана республика боюнча авариялык абалдагы бир дагы мектеп болбогондой деңгээлге жетебиз», — деди Абылгазиев.

Жыйында жаңы билим берүү объектилерин курууда системалуу мамиле болгон эмес, ар кандай себептер менен, кээде саясий мүнөздөгү учурлар менен коштолуп, мектепке муктаждык жок жерлерге чоң билим берүү жайы курулуп келгени белгиленди. Мына ошол жаңы мектептерде окуучулар аз болуп толбой жатса, ошол эле учурда айрым райондордо мектептин жоктугунан кыйынчылыктар пайда болгон.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы Финансы министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине жана Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине бир катар конкретүү  тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM