Биз менен байланышыңыз

Саруу айылдык кеңешинде өткөн шайлоонун жыйынтыктары бүгүн аныкталат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Сен 2019 | 622 | 0

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өткөн шайлоо боюнча даттануу түшкөн жок. Аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-сентябрда айылдык кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүгө 1 797 шайлоочу катышты. Бул айыл аймактагы 5 193 шайлоочунун 34,6%ын түздү.

Саруу айылдык кеңешине 79 талапкердин ичинен 21 депутат шайланды. Анын ичинен 9 мандат аялдарга берилди.

13-сентябрда БШК тарабынан кабыл алынган жобого ылайык, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн ар бир көп мандаттуу шайлоо округдарынын 30 пайыздан кем эмес мандаты аялдарга берилиши керек.

Бекматов мындай өзгөрүү зарылчылыктан улам пайда болгонун айтып, ал оң жемишин берерине ишеним артат.

«Айымдар жергиликтүү маселелерди чечүүдө жоопкерчиликтүү. Дээрлик эркектер болгон жерде жеке кызыкчылыктар күчөп кетип, кайра шайлоо өткөрүүгө туура келип жатат. Коомдо ар түрдүү катмардагы эл, улут, майып жарандар бар. Жергиликтүү кеңеш да өкүлдөрдөн турган орган болушу керек жана аны камсыз кылуу мамлекеттин милдети.  Дүйнөлүк тажрыйбада да аялдарга квота берилип келет. Мындан эч бир мамлекет уттурган жок. Тескерисинче, жемиштүү», — дейт Бекматов.

Ал мындан сырткары, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча киргизилген өзгөртүүлөр аялдар арасында атаандаштык жаратып, жергиликтүү кеңешке мыкты айымдардын келүүсүнө шарт түзөрүн кошумчалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аялдар үчүн мандат бөлүштүрүүнүн механизмин ишке ашыруу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы жобо кабыл алышкан. Анда жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30 %дан кем эмес мандат берилүүгө тийиш деген берене бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM