Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Орус тили расмий тил катары өз макамын сактап калат

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 579 | 0

«Орус тили расмий тил катары өз макамын сактап калат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу иш-чарада.

“Отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, өстү, байыды. Бирок, ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек. Кылымдарды карыткан кыргыз тили, коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи“ деп айтууга эртелик кылат. Аны өлкөдөгү бардык этностор үчүн орток тил кылуу үчүн аткара турган милдеттер арбын. Дароо эле айта кетейин, орус тилинин расмий тил катары макамы сакталат. Орус тили — биз үчүн дүйнөлүк маданиятка, илим-билимге жетүүнүн көпүрөсү бойдон калат. Коомубузда орус тилинин мааниси ылдыйлабайт», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM